Той, тажияны чектөө талкууланып, 100-150 миң сомдук айып пул тууралуу айтылууда

28 февраля 2022 Той, тажияны чектөө талкууланып, 100-150 миң сомдук айып пул тууралуу айтылууда

Той-аш жана маркумду узатуу зыйнатына салынган тыюуларга баш ийбегендерге 150 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталды.

Мындай пикирлер бүгүн "Үлпөт той, маараке-салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкууда айтылды.

Талкуунун катышуучуларынын бири, өнөрпоз Талант Анарбаев аз айып салуу менен маселе чечилбей турганын айтып, 100-150 миң сомго чейин киргизүүнү сунуштады.

Ушундай эле демилгени дагы бир катышуучу, Жалал-Абад облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрагасы Эрмамат Кожокматов дагы колдоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов да учурдагы кодекс боюнча эң жогорку айып деп саналган 20 миң сом жарабай турганын айтты.

"Мындай кырдаалда коомчулук бай-кедей болуп бөлүнүп калат. Мисалы, байлар 20 миң сомун төлөп коюп өткөрө берет. Колунда жоктор анан аларга атаандашат. Ошентип ортодо ажырым пайда болот", — деди Маткеримов.

Демилгечи депутат Улугбек Ормонов биринчи окууда айып пулдун көлөмү 17,5 миң сом деп белгиленгенин айтты. Бирок коомдук талкуу учурунда 100 миң сомго чейин көтөрүү сунушталганын билдирди. Ал эми учурдагы Укук бузуулар кодексинде айып пулдардын эң жогорку өлчөмү жеке жактарга 20 миң сом деп коюлган. Мындан улам айыпка жыгуу маселесин дагы карап чыгуу керектигин кошумчалады.

sputnik