Катамаранга окшош: дүйнөдөгү эң чоң, эки корпустуу учактын кызыктуу видеосу

28 февраля 2022 Катамаранга окшош: дүйнөдөгү эң чоң, эки корпустуу учактын кызыктуу видеосу

Дүйнөдө эң чоң деп эсептелген, канаттары 117 метрге жеткен, эки корпустан турган Stratolaunch учагы кезектеги сыноонун алкагында абада эки саатка чукул жүрүп, кыймылдаткычы титиреп, кооптуулук жарыктары күйө баштаганда жерге кайтып келди.

National Geographic Россия анын өзгөчөлүгү - канаттары бириккен Stratolaunch эки фюзеляждан, тагыраагы, эки корпустан тургандыгы жана кубаттуулугу экендигин жазды.

Авиасудно Калифорниядагы аэрокосмостук Мохаве портунан асманга 4 572 метр көтөрүлүп, ылдамдыгы саатына 853 чакырымга жеткен. Кооптуулук лампасы күйгөндөн соң учуп чыккан жерине кайтып келе жатып, дагы төрт ирет айланууга жетишкен.

Бул гигант учакты 2011-жылы түзүлгөн Stratolaunch компаниясы жасай баштаган. Андан бери улам алымча, кошумча кылып иштеп келишет.

"Абага көтөрүлгөн бүгүнкү учур учактын ташып жүрүүчү жана жалпы эле учуучу системасынын мүнөздөмөлөрүнүн жакшыра баштагандыгын көрсөтөт. Шассинин абалы суднонун иштей аларына жакындап калганын көрсөттү. Бул учуучу техниканын маанилүү учурларынын бири", — деген Stratolaunch компаниясынын директору Закари Кревор.

Stratolaunch учагынын эки фюзеляжи бир караганда катамаранды элестет. Анын экипажы – пилот, экинчи учкуч жана бортинженер учактын биринчи корпусунда отурат да, аба кемесин башкы линиядан бир топ эле оң жактан, аралыкта туруп башкарышат.

Ал эми сол учакта жүргүнчүлөр үчүн терезелери бар кабина сыяктуу бөлүктөр жайгашкан, бирок бош.

Stratolaunch башка Boeing 747 сыяктуу суднонун кыймылдаткычы менен жабдылган, бош турганда салмагы 227 тонна. Асманда 580 тоннага чейинки жүктү ташый алат.

Биринчи ирет абага 2019-жылдын апрелинде көтөрүлгөн. Баштапкы учурда космостук учурууларда жүк ташуучу учак катары пайдаланууну пландашкан, бирок кийинчерээк көп ирет учкан гипер үндүү изилдөө аппараттарын учуруу иштеринде ташый турган техника катары колдонууну пландап жатышат.

sputnik