Доллар кайрадан кымбаттоодо. 28-февралга карата баалар

28 февраля 2022 Доллар кайрадан кымбаттоодо. 28-февралга карата баалар

Дем алыш күндөрү доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май да кымбаттады. Ал эми алтын куймалар арзандаганы маалым болду.

Жума күндүн таңына салыштырмалуу доллар менен евронун курсу бир нече сомго кымбаттаган. АКШ акчасын сатып алуу 91,65 сом болсо, сатуу — 92,78 сом. Еврону 102,2 сомдон сатып алышып, кайра 100,4 сомдон сатып жатышат. Ошол эле учурда рубль менен теңгенин баасы төмөндөгөн. Мисалы, рублди сатып алуу 0,7 сомго барабар болуп калды.

Белгилей кетсек, курс ар кайсы жерде ар түрдүү. Ошол себептен орточо баасы алынды.

Эки күндүн ичинде күйүүчү майга болгон нарк да өскөн.

"Газпром нефть Азия":

АИ-92 — 61,5 сом (0,6 сомго өстү);

АИ-95 — 65,5 (+0,6);

Дизель майы — 62,5 (+0,6).

"Бишкек Петролеум":

АИ-92 — 60,9 сом (+1 сом);

АИ-95 — 64,9 (+0,4);

Дизель майы — 61,5 (+0,6).

Ал эми алтын куймалар арзандап кеткен. Алсак, бир грамм куйма 343 сомдон сатылууда.

sputnik