Кан басымы жогорулар кандай балыкты жеши керек. Адистин кеңеши

28 февраля 2022 Кан басымы жогорулар кандай балыкты жеши керек. Адистин кеңеши

Сүрсүтүлгөн жана кургатылган балыктар кан басымы жогору адамдар үчүн кооптуу. Бул туурасында Daily Express Британиялык окумуштууларга шилтеме кылып жазган.

Адистердин айтымына караганда, мындай балыкты көп жегенде артериялык кан басым кескин көтөрүлүп кетет. Себебин анын курамында туздун көлөмүнүн көптүгү менен түшүндүрүшкөн.

"Эгерде туздуу кылып жесеңер организмде ашыкча суюктук, суу пайда болот. Ал кан тамырларга өзүнүн таасирин тийгизип, мындан улам кан басым көтөрүлө түшөт", — деп түшүндүргөн дарыгерлер.

Гипертониядан жабыркагандарга балыкты чала туздап жегенге кеңеш беришкен.

Медиктер бул жерде кооптуулук ашыкча сүрсүтүлгөн, кургатылган балыктан жараларын айтышкан. Ал эми жалпысынан алганда алар жүрөккө пайдалуу. Макрель, лосось, сардинада адамдар муктаж болгон омега-3 көп. Бул ден соолукка пайда жана кан басымдын деңгээлин жөнгө салып турат.

sputnik