Биринчи май округунан Сурабалдиева ири айырма менен алдыда. АСУ эсеби

28 февраля 2022 Биринчи май округунан Сурабалдиева ири айырма менен алдыда. АСУ эсеби

Бишкектин Биринчи май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыга баштады.

Азырынча автоматтык түрдө саноочу урналардын (АСУ) 91,67 пайызы эсептелди.

Алдыга чыккан беш талапкер:

1. Элвира Сурабалдиева — 45,54 пайыз;

2. Нурбек Тотонов —13,74;

3. Нурбек Токтакунов — 5,43;

4. Баарына каршы — 4,68;

5. Тахир Мусаев — 3,29.

Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.

Биринчи май шайлоо округунан 25 талапкер ат салышты. Эртең менен 60 шайлоо участкасы ачылып, 113 105 жаранга добуш берүү укугу берилди. Бирок алардын көпчүлүк бөлүгү шайлоого катышкан жок.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.

sputnik