Кайра кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

28 февраля 2022 Кайра кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.

Билдирмеге караганда, март айынын башында айрым жерлерге жаан, кар жаашы ыктымал. Бишкекте 1-мартта жамгыр жаашы мүмкүн. Бирок абанын температурасы төмөндөбөйт.

Чүй, Талас облусу

Чүй облусунда 27-28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-марттан тарта түнкүсүн тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. 2-мартта күндүз кээ бир жерлерге жаан, 3-мартта түнкүсүн тоолуу аймактарга кар жаайт. 4-мартта күн ачык болсо, 5-мартта кайра тоолуу жерлерге кар түшүүсү божомолдонууда.

Таласта 5-мартта кар жаашы күтүлөт. Башка күндөрү өрөөндөрдө абанын температурасы 8...10 градуска чейин жетип, жылуу болору божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда да аба ырайы апта ичи өзгөрүп турары айтылды. 1-март күндүз жана 2-март түнкүсүн жаан жаашы ыктымал. Жалал-Абад менен Баткендин тоолуу аймактарына үч күн кар жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл, Нарын облусу

Ысык-Көл менен Нарында 28-февралда жана 1-мартта жаан, тоолуу аймактарына кар жаашы божомолдонду. 3-марттан 5-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Ысык-Көлдө 3...8 градуска чейин жылыса, Нарында салыштырмалуу түнкүсүн да, күндүз да суугураак болору айтылды.

sputnik