Свердлов округунда Атазов менен Муртазалиев тең тайлашууда. Алдын ала жыйынтык

28 февраля 2022 Свердлов округунда Атазов менен Муртазалиев тең тайлашууда. Алдын ала жыйынтык

Учурда АСУ аркылуу добуштардын 91,67 пайызы эсептелип бүттү.

 Бишкектин Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыга баштады.

БШКнын сайтына жарыяланган маалыматта учурда добуштарды Автоматтык түрдө саноочу урналардын (АСУ) 98,33 пайызы эсептелип бүттү. Башкача айтканда, 60 урнанын 59дагы бюллетендер саналып, бирөө гана калды.

Алдыга чыккан беш талапкер:

1. Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,28 пайыз;

2. Шайлообек Атазов — 16,56;

3. Аскар Алмаз уулу — 12,85;

4. Элнура Алканова — 9,2;

5. Ирина Карамушкина — 9.18.

Мыйзам боюнча эң көп добуш алган бир талапкер жеңүүчү деп таанылат.

Свердлов шайлоо округунан 25 талапкер ат салышты. Эртең менен 60 шайлоо участкасы ачылып, 106 549 жаранга добуш берүү укугу берилди. Бирок алардын көпчүлүк бөлүгү шайлоого катышкан жок.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттары шайланган. Добуш берүү жаңы система менен өтүп, 54ү партиялык тизме боюнча, 36сы бир мандаттуу округдан элдин элегинен өтүштү. Ал эми Биринчи май менен Свердлов округдарында эң көп добуш "баарына каршы" графасына берилген. Мындан улам кайра шайлоо дайындалган.

sputnik