Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде чыгары менен жеңилип калды

25 февраля 2022 Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде чыгары менен жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Стамбулда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде биринчи беттешинде эле жеңилип алды. Бул туурасында Дүйнөлүк күрөш уюму билдирди.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясында күрөшүн 1/8 финал менен баштаган. Алгачкы атаандашы бразилиялык Лайс Нуньес де Оливейра болгон. Күрөштүн натыйжасында 8:0 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты.

Эгер бразилиялык спортчу финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Беделдүү Yasar Dogu эл аралык турнири Түркиянын Стамбул шаарында 24-февралда башталган, 27синде аяктайт. Анда Айсулуудан сырткары Кыргызстандын намысын Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы коргойт. Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөштө Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков күч сынашат.

sputnik