ТИМ Украинадагы канча кыргызстандык жардам сурап кайрылганын айтты

25 февраля 2022 ТИМ Украинадагы канча кыргызстандык жардам сурап кайрылганын айтты

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды үчүнчү өлкөлөр аркылуу эвакуациялоо маселесин чечип жатат. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Министрлик аэропорттор жабылып, кырдаал курчуп бара жатканын эске салды. ТИМдин маалыматы боюнча, Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар. Алардын 680и консулдук каттоодо турат.

ТИМдин Украинадагы Консулдук департаментинин тынымсыз байланыш линиясына өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган Кыргызстандын 300 жараны кайрылган.

ТИМ Киев, Печерский району, Редутный 19/34 дарегиндеги элчиликке коопсуз жайы жок адамдарды топтоо иш-чарасын уюштурган. Муну менен катар үй-жайы бар жарандарга сыртка чыкпай үйдө отуруу сунушталды.

Консультация үчүн байланыш номерлер:

  • Кыргызстандын Украинадагы элчилиги: +380 99 757-34-13, +380 44 237-03-46, +380 44 237-03-48 (WhatsApp);
  • ТИМдин Консулдук кызмат департаменти: +996 551 31-20-00 (тынымсыз байланыш линиясы), +996 703 42-88-65, +996 709 98-34-65, +996 554 06-52-15.

sputnik