Нарында 214 баш малды алып кетип, ээлерин сызга отургузган киши кармалды

25 февраля 2022 Нарында 214 баш малды алып кетип, ээлерин сызга отургузган киши кармалды

Нарын районунда эки кишиден эки миллион сомго жакын акчага бааланган малын алып, бир нече убакыттан бери акчасын бербей жүрөт деп алдамчылыкка шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Нарын ШИИБдин маалымат кызматынан билдирди.

Ал алып кеткен 214 баш малдын ээсине бербей жүргөн акчанын суммасы 1 918 000 сомду түзгөн.

Нарын шаарынын К.Н. аттуу 70 жаштагы тургуну үч жыл мурда Нарын районунун тургуну О.А. аттуу жаранга ноябрь айында 106 кой-козуну 408 600 сомго, ал эми көп өтпөй 5-декабрь күнү 48 баш тайды, 10 баш кунанды 1 468000 сомго сатканын билдирген.

"Бирок сатып алган киши жабырлануучунун ишенимине кирип малдын акысын берем деп алдап, жогорудагы акчанын 256 миң сомун гана берип, ушул күнгө чейин калган суммасын бербей жүргөн", — деп айтылган маалыматта.

Милициядан Нарын РИИБи ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, аталган кылмышка шектүү катары Нарын районунун 37 жаштагы Ө.А. аттуу тургунун кармаганын, тергөө учурунда ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын билдирди.

"Шектүүнүн башка да кылмыштарга катыштыгы бар экендиги, жарандардын малын алып, акчасын ушул күнгө чейин бербей алдап жүргөндүгү аныкталган", — деп айтылган маалыматта.

Бул адам боюнча Нарын облусунун 44 жаштагы М.Н. аттуу дагы бир жашоочусу арыз жазып, милицияга кайрылган.

Маалыматта 2021-жылдын 3-ноябрь күнү ушул эле киши телефон чалып, ишенимине кирип, 50 баш коюн, ар бирин 9 000 сомдон алып кеткен. Жалпысынан 450 000 сомго бааланган. Ал бир нече айдан бери малдын акчасын бербей качып жүргөндүктөн М.Н. милицияга кайрылганы айтылган.

Милиция шектүү 24-февралдан тарта Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери уланып жаткандыгын билдирди.

sputnik