Жабылчу 12 медициналык окуу жайдын тизмеси чыкты. Калган бешөө эмне болот?

25 февраля 2022 Жабылчу 12 медициналык окуу жайдын тизмеси чыкты. Калган бешөө эмне болот?

Саламаттык сактоо министрлиги 12 медициналык окуу жайды (бөлүм же факультет) жабуу чечими кабыл алынганын билдирип, тизмесин жарыялады.

Маалымат кызматы билдиргендей, аталган окуу жайлардын клиникалык базасы жана медициналык багыттагы жабдуулары жок болгондуктан №6 формадагы лицензиясын жокко чыгаруу пландалууда.

2021-жылы министрликтин эксперттик комиссиясы текшерип, клиникалык база белгиленген стандартка дал келбей турганы аныкталган. Ал эми калган беш медициналык окуу жайды атайын комиссия текшерип, 15-мартка чейин тыянак чыгарат.

Жабыла турган медициналык окуу жайлар:

1. Бишкек финансы-экономикалык академиясы (АДАМ университети);

2. Кыргызстан эл аралык университетинин Окуу илимий-өндүрүштүк комплекси;

3. "Авиценна" эл аралык медицина университети;

4. Эл аралык медицина университети;

5. "Роэль Метрополитен" университети;

6. "АВС" академиясы;

7. Эл аралык медицина жана илим университети;

8. Бишкек эл аралык медицина институту;

9. Илим изилдөө медициналык-санитардык институту;

10. Кыргыз медицина-стоматологиялык институту;

11. Ош эл аралык медицина университети;

12. Эл аралык илим жана бизнес университети.

Текшерүү жүрүп жаткан медициналык окуу жайлар:

1. "Ала-Тоо" эл аралык университети;

2. Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;

3. Эл аралык жогорку медицина мектеби;

4. "Салымбеков университети" мекемеси;

5. ЕУ эл аралык медицина университети.

sputnik