Зеленский: Украина жалгыз калды, дүйнөлүк державалар алыстан карап турат

25 февраля 2022 Зеленский: Украина жалгыз калды, дүйнөлүк державалар алыстан карап турат

Украина жалгыз калды. Дүйнөлүк державалар кырдаалга алыстан көз салып турушат. Кечээ салынган санкциялар жетишсиз. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бүгүн эртең менен кечээкидей эле мамлекетибизди жалгыз коргоп жатабыз. Дүйнөнүн эң кубаттуу күчтөрү алыстан карап турушат. Кечээки санкциялар Россияны токтоттубу? Бул жетишсиз экенин биз угуп, көрүп жатабыз", — деди Зеленский өзүнүн Telegram-каналындагы видео кайрылуусунда.

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.

Ал арада бир катар батыш мамлекеттери бул чечимди сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.

Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин россиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.

sputnik