Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Путинге чалганын айтты

25 февраля 2022 Макрон Зеленскийдин өтүнүчү менен Путинге чалганын айтты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Россия президенти Владимир Путинге чалганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирмеге караганда, сүйлөшүү бейшемби күнү кечинде болгон.

"Украина башчысы Владимир Зеленскийдин суранычы менен РФ президенти Владимир Путинге чалып, телефон аркылуу сүйлөштүк. Сүйлөшүү кыска, ачык жана түз болду. Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Бирок өзү Путин менен байланыша алган эмес", — деген Франция лидери.

Ал Зеленскийдин өтүнүчүн айтканын белгилеп, бирок жыйынтык болбогонун кошумчалаган.

sputnik