Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен Нур-Султан шаарында жолуккан учурда ал Россияга барган кыргызстандыктардын маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Бирок кабарда бул боюнча кенен маалымат берилген эмес.
Эске салсак, Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган.
Эки жетекчи, мындан сырткары, орус-кыргыз мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулаган.
Муну менен катар март айында Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнө 30 жыл болот.
"Юбилейлик датанын тарыхый маанисин белгилеп жатып, Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендигин айта кетейин. Мындан сырткары, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы интеграция маселелерине чоң маани берет. ЕАЭБдин органдарындагы төрагалыктын алкагында биздин жалпы максаттарга жетүү жана интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө кыргыз тарап болгон аракетин жасайт", — деген ал.
Мишустин Россия Кыргызстан менен бир канча кылымдык достукка негизделген стратегиялык мамилелерди жогору баалай турганын айткан.
"Эки тараптын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу динамикалык түрдө өнүгүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгында мамлекеттер аралык товар алмашуу 47 пайызга өсүп, 2,5 миллиард долларга жакындап барган. Гуманитардык багыттагы алака да кеңейип бара жатат", — деген Мишустин.
Россиянын премьер-министри өнөр жай, машина куруу, радиоэлектроника, санарип экономика, жашыл энергетика жана транспорт багытында биргелешкен, келечектүү долбоорлор бар экендигин кошумчалады.