Алтынбек Сулаймановдун депутаттык мандаты мурдагы финполчуга өтөт

25 февраля 2022 Алтынбек Сулаймановдун депутаттык мандаты мурдагы финполчуга өтөт

"Альянс" партиясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп келиши мүмкүн.

Аталган партиянын тизмеси менен мандат алган Алтынбек Сулайманов кечээ, 24-февралда, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Буга байланыштуу ал депутаттыктан кетип, ордуна алган добушунун саны боюнча кийинки сапта турган талапкер келиши шарт.

"Альянс" партиясына жети мандат берилген. Тизмеде сегизинчи болуп 4 607 добушка ээ болгон Жамгырчиев турат. Демек, мыйзамга ылайык, ага мандат берилиши керек.

Эмил Жамгырчиев ИИМ академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча жана Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2014-жылдан тарта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2017-2020-жылдары жетекчинин орун басарлыгын аркалаган. Кызматтан кетери менен пара алууга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Кийин мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төккөнү кабарланган.

sputnik