Күн ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

25 февраля 2022 Күн ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун айтты.

Апта аягында аймактардын басымдуу бөлүгүндө күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте абанын температурасы 17 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Чүй, Талас облусу

Эки аймакта тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө 17 градуска чейин жылуу болсо, Таласта 13...15 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда аптанын акыркы эки күнүндө жаан, кар жаабай турганы айтылды. Күн ачык болуп, абанын температурасы 17...18 градуска жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

26-февралда жана 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көлдүн тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарга жаан, кар жаабайт. Абанын температурасы 4...9 градуска чейин жылышы мүмкүн.

Ал эми Нарында дем алышта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3...5 градус жылый турганы божомолдонду.

sputnik