Холецистит болгондо кайсы жериңиз ооруйт?

25 февраля 2022 Холецистит болгондо кайсы жериңиз ооруйт?

Көп кездешкен оорулар бар. Алардын катарында өнөкөт холецистит кирет. Холецистит — өт баштыкчасынын сезгениши. Бул оору өзгөчө аялдарда көп кездешет. Төмөндө биз оорунун белгилери, пайда болушу жана дарылоо жолдору тууралуу кеңири маалымат беребиз.

Оорунун пайда болуу себептери:

  • туура эмес тамактануу;
  • өт оорулары;
  • аз кыймыл;
  • ар кандай инфекциялардын пайда болушу;
  • өт жолдорундагы таштар;
  • тукум куучулук.

Оору өтүшүнө жараша курч жана өнөкөт болуп бөлүнөт.

Курч түрүндө:

  • Алсыздык пайда болот;
  • оң жак кабырганын асты ооруйт;
  • ийиндин тушу, баш ооруйт;
  • жүрөк айланып, кусат;
  • ич көөп, тез-тез кекирет;
  • дене температурасы көтөрүлөт;
  • көздүн агы саргайып кетет;
  • заара кара-күрөң түскө боёлот.

Эгер ушул белгилер пайда болсо, созбой дароо дарылануу керек. Болбосо өнөкөт болуп калат.

Ал эми өнөкөт холециститте майлуу тамактарды жесеңиз болду, оң жак кабырганын асты ооруп, жүрөгүңүз айланат. Мындан тышкары, кускуңуз келип, оозуңуз кургай баштайт. Бул оорунун алдын алуу үчүн ышталган, майлуу жана куурулган тамактарды чектөө керек.

Холециститти башка оорулардан кантип айырмалоого болот?

Тиш ооруганда баш, жаак, ооз, баары ооруйт эпеспи. Ал эми сасык тумоо болгондо бел, бөйрөк, кол-бут ооруйт. Ошол сыяктуу холециститти да башка оорулар менен чаташтырып алуу толук мүмкүн.

Жүрөктүн ишемиялык оорусунда көкүрөк менен оң ийиндин тушун сайып жаткандай сезим пайда болот. Холецистит учурунда да ушундай ыңгайсыздыкты сезесиз. Бирок, аны аныктоо үчүн жеген тамагыңызга көңүл буруңуз. Эгерде, жогоруда айтылгандай, майлуу, куурулган же ачуу тамактарды жегенде дискомфорт пайда болсо, өттү текшертүү керек.

Мындан тышкары, стресс, нерв оорулары, түйшөлүү да ооруну козгойт. Өттөгү таштар да ооруну күчөтүшү мүмкүн. Аң-дөңү көп жолдордо машина айдап же велосипед тээп жүргөндө да ооруйт.

Өнөкөт холецистит жүрөк айлануу, кусуу, ичтин жана жүрөктүн тушунун оорушу менен коштолот. Кээ бирибиз холециститти гастрит, жара же ревматизм менен чаташтырып алабыз.

Өнөкөт холецистит менен ооруган адамдарда кызаруу жана жүрөк айлануу, ошондой эле ооздон ачуу даам жана кекирүү сыяктуу жагымсыз белгилер болушу мүмкүн. Мындан тышкары, өз убагында улуу заарага барбай, ич өтүү жана ич катуу болот. Холецистит менен ооруган адам жакшы уктабайт, ачуулуу болуп, бат кыжырданат.

Оорунун алдын алуу үчүн:

  • туура тамактаныңыз (майлуу, ышталган, ачуу, куурулган тамактарды чектөө);
  • жаман адаттардан баш тартасыз (тамеки тартуу, ичкилик ичүү);
  • активдүү жашоо образын жүргүзөсүз;
  • спорт менен машыгыңыз;
  • салмагыңызды көзөмөлдөңүз;
  • жугуштуу оорулардан сактаныңыз;
  • кыжырданткан, нервди бузчу чөйрөлөрдөн алыс болуңуз.

Жогорудагы белгилердин бирин байкасаңыз, дароо гастроэнтерологго жазылыңыз. Оору негизинен күзүндө жана жазында кармарын эске алып, абдан сак болуңуз.