Буту-колу жок визажист кыз интернетте айдыңында популярдуулыкка жетишти

25 февраля 2022 Буту-колу жок визажист кыз интернетте айдыңында популярдуулыкка жетишти

Буту-колу жок он сегиз жаштагы британиялык визажист Изабель Уэлл интернетте макияж жасоо чеберчилиги менен таанымал болду, деп жазат The Sun басылмасы.

Учурда дүйнөгө белгилүү косметикалык бренддер кыз менен кызматташууну сунуштап жатышат.

Башында, Изабелла Уэлл макияж жасоону өзүнө жасайм деп үйрөнгөн. Кийинчерээк бул процесс кыздын эң жакшы көргөн иши болуп, ал видеоблог ачкан. Ал учурда болгону 14 жашта болчу. Изабель мынчалык популярдуу болом деп күткөн эмес, бирок азыр анын 400 миңден ашык катталуучусу бар.

"2018-жылы мен Huda көз боёо палитрасы менен макияж жасаган видеону жарыялаган элем. Видео эски телефон менен тартылган жана сапаты абдан начар эле. Аны Huda Beauty компаниясы бөлүшкөндөн кийин менин баракчама 200 000 адам катталып, миллиондогон билдирүүлөрдү алдым. Менин колсуз макияж жасаганыма адамдар таң калды деп ойлойм. Эми мага бренд мага өзүнүн жаңы косметикасын сынап көрүүнү сунуштап жатат”, - дейт Велл.

Кыз өзүнүн өзгөчө чеберчилиги менен Next, Claire's Accessories, Lounge Apparel сыяктуу атактуу бренддердин көңүлүн бурган.

Изабелла жети жашында менингит менен ооругандан кийин эки колунан жана бутунан ажырап калган. Кыз бир жума комада жатып, колунун жана бутунун кан айлануусу бузулгандыктан, аларды кесип салууга туура келген.

instagram.Видео