Доллар менен евронун рублге карата курсу өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти

24 февраля 2022 Доллар менен евронун рублге карата курсу өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти

Форекс рыногунда доллар менен евронун рублге карата курсу 9-10 пайызга өсүп, рекорд жаратты. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, доллар — 90, евро 101 рублге чыкты.

Москва убактысы боюнча саат 8:58де евронун курсу 92,35 рублден 100,83 рублге көтөрүлдү. Доллар 81,64төн 89,9га жогорулады.

Ошол эле учурда Сбербанк өзүнүн онлайн-тиркемеси аркылуу бир долларды 101,8 рублден, еврону 115,84 рублден сатып жатканы айтылууда. ВТБда баалар бир аз төмөнүрөөк. Тагыраагы, доллар — 93,65, евро 104,9 рублден болууда.

Сбербанк рубль курсунун мындай туруксуз абалын жөнгө салуу боюнча ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Донбасста Россиянын атайын операциясы башталган соң рублдин курсу төмөндөй баштаган.

sputnik