Путин: Россияга каршы кандай гана агрессия жасалбасын, мизи катуу кайтарылат

24 февраля 2022 Путин: Россияга каршы кандай гана агрессия жасалбасын, мизи катуу кайтарылат

Азыркы Россия СССР урагандан кийин дүйнөдөгү эң кубаттуу державага айланды жана ага кандай гана агрессия жасалбасын мизин кайтарары баарына түшүнүктүү болушу керек. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин россиялыктарга кайрылып жатканда айтты.

"СССР урап жок болгондон кийин заманбап Россия ал потенциал менен дүйнөдөгү эң кубаттуу өзөктүк державалардын бирине айланды. Бир катар артыкчылыктары бар, эң жаңы куралдарга ээ болду", — деди Путин.

Анын айтымында, РФке кол салууда агрессордун өзүнүн таш-талканы чыгарынан күмөн санабашы керек.

Бүгүн таңдан тарта Укранина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Буга чейин Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жашоочуларын эвакуациялоо токтой элек. Россия лидери Владимир Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына аскердик абал киргизилип жатканын билдирди.

sputnik