Парламентте Донбасс боюнча Кыргызстандын позициясы кандай болушу керектиги айтылды

24 февраля 2022 Парламентте Донбасс боюнча Кыргызстандын позициясы кандай болушу керектиги айтылды

Кыргызстан геосаясий кризис учурунда алты миллион калкынын кызыкчылыгын эске алуу менен өз ишин улантышы керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖКнын регламенти комитетинин төрагасы Медер Алиев билдирди.

"Бүгүнкү күндө түшүнгөн адамга дүйнө оор акыбалда турат. Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу болуп көрбөгөндөй күч алууда. Мындан 50-60 жыл мурун Кубада Кариб кризисинде СССР менен АКШнын кармашы болгон. Азыркы учурда дагы дал ошондой жагдай кайталанып жаткандай. Мындай жагдайда биздин мамлекет биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын, дүйнөлүк ченемдик актылар, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган принциптерди эске алуу менен өзүнүн күнүмдүк жай баракат турмушун уланта бериши керек", — деди Алиев.

Ошондой эле депутат ушундай учурда геосаясий кризис сөзсүз түрдө дүйнөдө канча мамлекет болсо түз же кыйыр таасирин тийгизерин белгиледи. Ал Уинстон Черчиллдин "тышкы саясатта Англиянын түбөлүк достору жок, түбөлүк кызыкчылыктары болот" деген сөзүн мисал келтирди.

sputnik