ЕБ Россияга каршы санкцияларды расмий кабыл алды. Мамдуманын реакциясы

24 февраля 2022 ЕБ Россияга каршы санкцияларды расмий кабыл алды. Мамдуманын реакциясы

Европа биримдиги Россиянын ЛЭР менен ДЭРдин эгемендүүлүгүн тааныгандыгына байланыштуу РФке каршы санкцияны расмий кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Евробиримдик чектөөлөрдү бекемдеген процедуранын аягына чыккан. Башкача айтканда, катышуучу мамлекеттердин бардыгы жаңы санкция пакетине кол койгон.

"Санкция боюнча жазуу түрүндөгү процедура ийгиликтүү аяктап, юридикалык актылар кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы чектөөлөр боюнча жакында эле белгилүү болду. Бул Донбасстагы республикалардын эгемендүүлүгүн таанууга добуш берген Мамлекеттик Думанын 351 депутатына тиешелүү. Аларга Евробиримдикке кирүүгө тыюу салынып, активдери тоңдурулат. Мындан тышкары, тизмеде 27 жеке жактар жана уюмдар бар. Алардын ичинде ДЭР менен ЛЭР боюнча Россиянын иш-аракетин колдогон саясатчылар, банктар, ишкерлер, Украинага каршы туура эмес маалымат тараткандар да бар экени айтылды.

Мындан тышкары, Луганск Эл Республикасы менен Донецк Эл Республикасынан импорт кылууга жана ал жакка товар, технологияларды экспорттоого тыюу салынышы ыктымал.

Евробиримдиктин көрө турчу чараларынын арасында ЕБдин каржы жана капитал рыногуна Россиянын жеткиликтүүлүгүн чектөө бар. Ошондой эле Россияны, анын өкмөтүн жана Борбордук банкты каржылоону токтотуу да каралып жатканы айтылды.

Евробиримдик Москваны ДЭР менен ЛЭРдин эгемендүүлүгүн таануусун кайра карап чыгууну сунуштап, жаңы санкциялар менен коркуткан.

Буга чейин Владимир Путин белгилегендей, Россияга каршы чектөөлөрдү киргизүү баары бир улана берет. Анын айтымында, бул Украинадагы кырдаалга байланыштуу эмес, Россиянын өзү менен байланыштуу.

Мамдуманын КМШ боюнча комитетинин башчысы Леонид Калашников депутаттар өз ишинде Европа өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эмес, шайлоочулардын кызыкчылыгын эске алышы керектигин белгилеген.

"2014-жылдан бери өзүм ЕБдин санкциясындамын. Европанын саясатчыларына депутаттарга чектөө киргизүү демократияга туура келбей турганын бир нече ирет айткам. Алар менин оюм менен макул болушкан", — деген Калашников.

Ал кыймылсыз мүлкү жок болгон чынчыл депутатка санкциялар деле жолтоо болбой турганын белгилеп, ошол себептен аларга акча ташып, хан сарай, үй, стадион курган ишкерлерге караганда депутаттарды жазалоо жеңилирээк болорун кошумчалаган.

sputnik