Мигранттардын эсине: Россия медициналык кароодон өткөрүү шартын өзгөрттү

24 февраля 2022 Мигранттардын эсине: Россия медициналык кароодон өткөрүү шартын өзгөрттү

Мындан ары медициналык кароолордун жыйынтыгы жазылган сертификат 12 айга чейин жарактуу болуп эсептелет.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү эрежелерине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды.

Эми сертификат жана медициналык бүтүмдөр 12 айга чейин жарактуу деп эсептелет. Ошондой эле чет өлкөлүктөрдү медициналык күбөлөндүрүү учурунда буга чейинки дарылануусу же кароодон өткөндүгү боюнча маалыматтар эске алынат. Болгону алар тууралуу документтер талап кылынат.

Ошондой эле 6-18 жаштагы чет өлкөлүктөр үчүн медициналдык кароодон өтүү мөөнөтү кыскартылды. Эми 13 жашка чейинки балдар канында баңгизат же психотроптук каражаттар жок экенин аныктоо үчүн анализ тапшырбай койсо болот.

Мындан тышкары, медициналык күбөлөндүрүүнүн алкагында диагноздолчу жугуштуу оорулардын катарынан коронавирус алып салынды. Жаңы эреже күчүнө 1-марттан тарта кирет.

sputnik