Тери астындагы кене – кооптуу дарт

24 февраля 2022 Тери астындагы кене – кооптуу дарт

Демодекс — май бездеринде, теринин астында жана чач фолликулаларында жашоочу кене. Теринин астындагы мындай кенени микроскоп менен гана көрүүгө болот. Кичинекей болгону менен адамдарга чоң коркунуч келтирет. Ал кыбырап, айлаңды кетирбейт. Бирок, териде ар кандай жолдор менен пайда болот. Мисалы, исиркектер, безеткилер, жаралар... Ал өз убагында аныкталып, дарыланбаса, жаранын орду тешик болуп, келбетиңизди бузуп салат.

Кене төмөнкү учурларда пайда болот:

  • иммунитеттин начарлашы;
  • ашказан жана тамак сиңирүү жолдорунун оорулары;
  • зат алмашуунун бузулушу;
  • гормоналдык өзгөрүүлөр;
  • стресс;
  • нерв оорулары;
  • гигиеналык тазалыкты сактабоо;
  • начар экология.

Окумуштуулар калкан бези менен ооруган аялдар жана простата бези менен ооруган эркектер бул оорудан көбүрөөк жабыркай турганын аныкташкан.

Бул кененин күчтүү коргоочу кабыгы бар, ал адамдарга олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан, аны дарылоо көп убакытты талап кылат. Мындан тышкары, катуу диета, айга/жылга созулган дарылоо, кам көрүү жана чыдамкайлык талап кылынат.

Эгерде сиздин териңизде:

  • безетки;
  • кычышуу;
  • тартышуу;
  • ачышуу;
  • курч;
  • каштын түшүшү;
  • мурундун чоңоюшу сыяктуу көрүнүштөр орун алса, ДЕРМАТОЛОГго жазылыңыз.

Теринин астындагы кенелердин узак жашоосу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн болсо, андан арылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан ,терини мүмкүн болушунча таза кармоо керек. Атайын суюктук менен жууп, күн сайын кам көрүңүз. Мындан тышкары, дененин саламаттыгына да көңүл буруңуз. Эгерде териңизде жогоруда айтылгандай өзгөрүүлөр болсо, кенелердин бар-жоктугун аныктоо үчүн сөзсүз түрдө дерматологго кайрылыңыз.

Эгер тери астындагы кенени аныктагыңыз келсе, атайын текшерүү борборуна кайрылыңыз. Ал жердеги адистер териңиздеги жарааттарды анализдейт. Аны изилдөө менен, сизге толук аныктап берет.

Алдын алуу же кайталанбашы үчүн:

  • жаздык капты күн сайын алмаштырыңыз;
  • бетти кагаз сүлгү менен сүртүңүз;
  • өзүңүздүн косметикаңызды гана колдонуңуз;
  • баш кийим менен шарфтарды тез-тез жууп туруңуз;
  • маникюр куралдарын спирт менен сүртүңүз;
  • саунага барбаңыз, күнгө көп чыкпаңыз.