Маскарад: Үйлөнүү тоюнда апасынын бутун өпкөн жигит интернет колдонуучуларынын сынына кабылды. Видео

24 февраля 2022 Маскарад: Үйлөнүү тоюнда апасынын бутун өпкөн жигит интернет колдонуучуларынын сынына кабылды. Видео

Казакстандыктар тойдо апасынын бутун өпкөн жигиттин жоругун талкуулап жатышат. Анын бул кылыгы көпчүлүккө жаккан эмес.

Видеодо ресторанда болуп жаткан үйлөнүү үлпөтүн көрүүгө болот. Үйлөнүү тою учурунда жигит апасынын жанына келип, чөгөлөп бутун өпкөн.

Деген менен, посттун астына жигитти сындап, терс пикир жазгандар көп болгон.

“Мындай спектаклдер качан бүтөт?”, “Мындай мамилеге ар бир энеге татыктуу”, “Бут өбүү модага айландыбы? Үйдө өбө бер. Муну көпкө коркөтүүнүн не кереги бар? Урмат-сыйыңды иш-аракетиң менен көрсөт”, “Эмне үчүн бир гана күнү, тойдо өбөт, иллюзия, маскарад. Күн сайын өөп, алаканыңарга салып жүргүлө, энелер өмүр бою ушундай урмат-сыйга татыктуу”, “Казактарга эл алдында бут өбүү модага айланды. Үйдө, үй-бүлөңдүн алдында өбө бер. Сөзсүз эле эл алдында эмес, Instagramга да жарыялоонун зарылчылыгы жок”, — деп пикир калтырышкан.