Төрөт үйүнөн уурдалган бала 16 жылдан кийин үй-бүлөсүнө кайтып келди

23 февраля 2022 Төрөт үйүнөн уурдалган бала 16 жылдан кийин үй-бүлөсүнө кайтып келди

Мексиканын Гвадалахара шаарында өзүн медайыммын деп тааныштырган аял төрөт үйүнөн ымыркайды уурдап кеткен. 16 жылдан кийин гана полиция өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берген, деп жазат The Sun басылмасы.

2005-жылы декабрда Розалия Лопес Сальвадор аттуу уулдуу болот. Ал учурда 22 жашта болчу. Төрөттөн кийин жолдошу Ясир Масиас төрөт үйүнө келип турган.

Төрөт үйүндө Масиас ымыркай менен жалгыз калган учурда медайым келип, баланы тамактандырууга алып кетиши керек экенин айтат. Бул учурда Розалия эс алып жаткан. Жубайлардын айтымында, алар уулун акыркы жолу ошондо көрүшкөн.

Узак убакыттан кийин уурдалган ымыркайды – 16 жаштагы Сальвадорду фотороботтун жардамы менен табышкан. Полиция атайын адистер жасаган фотороботтун аркылуу балага окшош өспүрүмдү таап, андан соң ДНК тестин жасашкан.

Жыйынтыгында үй-бүлө баласына кошулган. Бирок, кылмыштын бети ачылбай, бала уурдоо боюнча эч ким кармалган эмес.