Крокодил дарыяда сүзүп жүргөн кишини досторунун көзүнчө жеп койду

23 февраля 2022 Крокодил дарыяда сүзүп жүргөн кишини досторунун көзүнчө жеп койду

Индонезиянын Түндүк Калимантан провинциясында крокодил досторунун көзүнчө дарыяда сүзүп жүргөн адамды жеп койгон.

51 жаштагы Лютер  аттуу киши пальма жалбырактарын чогулткандан кийин чумкуп алуу максатында сууга түшөт. Күтүлбөгөн жерден төрт метрлик крокодил кол салган.

Канчалык күрөшүүгө аракет кылганы менен, крокодил аны суунун астына сүйрөп кеткен. Окуяга күбө болгон достору да жырткычты коркутууга абдан аракет кылышкан. Алар окуя тууралуу жергиликтүү бийликке кабарлашат. Куткаруучулар аскерлердин жана милициянын жардамы менен дайынсыз жоголгон адамды издөө иштерин уюштурушкан, бирок натыйжа болгон эмес.

Плантациянын жетекчилиги жакын жердеги айылдын тургундарына сууга жакын барбоого чакырган белгилерди орнотушкан.