Үй-бүлө ажырабасын. Мамытов айрым мигранттарды кара тизмеден чыгарууну сунуштады

22 февраля 2022 Үй-бүлө ажырабасын. Мамытов айрым мигранттарды кара тизмеден чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов айрым категорияга кирген кыргыз мигранттарын Россиянын "кара тизмесинен" чыгарууну сунуштады. Бул туурасында төраганын маалымат катчысы Эркин Каимов билдирди.

Спикер башында турган депутаттар тобу РФтин Федералдык жыйынынын Федералык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолуккан. Анда Мамытов үй-бүлө мүчөлөрү эки тарапта калган кыргызстандыктарга амнистия берүү маселесин көтөрдү.

ВИДЕО

"Жубайлардын бири Россиядан чыгарылып, ал эми үй-бүлөсү бул жакта калып бирге жашай албай жатышат. Мындан улам төрага ушул категорияга кирген биздин жарандарга амнистия берип, кара тизмеден чыгарууга көмөктөшүүнү суранды. Бул административдик укук бузуу үчүн Россияга киришине тыюу салынган кыргызстандыктарга тиешелүү", — деди маалымат катчы.

Мындан сырткары, кээ бир мекендештер кара тизмеге киргенин билбей, Россияга барган жеринен кайтып келип чыгым тартып жатканын айтып, чектөө киргизгени туурасында убагында кабардар кылууну өтүнгөн.

Матвиенко спикердин миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштаган.

sputnik