ЕАЭБге оң рулдуу автоунаа алып кирсе болобу? ЕЭК министринин жообу

22 февраля 2022 ЕАЭБге оң рулдуу автоунаа алып кирсе болобу? ЕЭК министринин жообу

ЕАЭБ мамлекеттерине оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов видеокөпүрө учурунда билдирди.

Ага "эгер мамлекеттин мыйзамдарында тыюу жок болсо, ЕАЭБ мамлекеттерине оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө болобу?" деген суроо узатылды.

"Бүгүнкү күндө биздин Биримдикте оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынган", — деп кыска жооп берди Мамытканов.

Ал бул боюнча башка эч нерсе айткан жок.

sputnik