Жүрө бербегиле. Адис бөйрөк алмаштыруудан алыс болуу боюнча кеңешин берди

22 февраля 2022 Жүрө бербегиле. Адис бөйрөк алмаштыруудан алыс болуу боюнча кеңешин берди

Бөйрөктү олуттуу ооруга чалдыктырып, кыйналып калбаш үчүн жыл сайын медициналык кароодон өтүп туруш керек. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Гүласыл Сутуева айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифингде ал аталган оорунун жарымы кант диабетинен пайда болорун айтты.

"Бөйрөгү ооруп калгандардын кантип азап тартып, кандай кыйналып жатканын угуп-көрүп жүрөсүздөр. Мамлекеттин гемодиализге акча бөлүшү үчүн канчалаган митингдер өттү... Адам өзүн-өзү мындай абалга жеткирбеш үчүн ден соолукка кам көрүп, биринчи иретте туура тамактануу керек. Башкысы — оору өтүшүп кетпесин, медициналык кароодон жыл сайын өтүп тургула. Бардыгы өзүңөрдүн колуңарда", — деди Сутуева.

Бринфингде өнөкөт бөйрөк оорусу барлардын жана катуу ооруп калгандардын маселеси талкууланды. Алар күн алыс жасалуучу гемодиализге муктаж. Бир процедура болжол менен 5-6 миң сом турат. Көйгөйдү бөйрөк алмаштырып чечүү жолу бар, бирок андай кылганга кээде ден соолук жол бербеши да мүмкүн. Кыргызстанда аталган органды алмаштыруу 7 миң доллар турат, бирок ал да сейрек жасалат. Чет өлкөдө бөйрөк алмаштыруу андан кымбат. Трансплантация болгондон кийин көчүрүлгөн бөйрөк толук иштеп кетиши үчүн өмүр бою дары ичип жүрүүгө туура келет.

sputnik