Кыргызстанда бөйрөк алмаштырчуларга кимдер донор боло алат? Түшүндүрмө

22 февраля 2022 Кыргызстанда бөйрөк алмаштырчуларга кимдер донор боло алат? Түшүндүрмө

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемтиги бар бейтаптарды караган бөлүмдүн жетекчиси Мирбек Байзаков Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифингде Кыргызстанда бөйрөк алмаштыра турчу бейтапка кимдер донор боло аларын түшүндүрдү.

"Трансплантация боюнча биздин өлкөнүн мыйзамына ылайык, бөйрөк алмаштыра турчу адамга ата-энеси, бир тууганы же балдары гана донор боло алышат. Булардан башкаларга уруксат жок. Мындан улам айрымдар колунда акчасы туруп донор издеп убара болууда. Бизде азыр никедеги жубайы да донор боло албайт. Мындан улам айрымдар жубайына уруксат берилген мамлекеттерге чыгып операция жасатып жатышат. Биз азыр мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Жок дегенде донор болууну 2-даражага жеткирип, расмий никедеги жубайына уруксат берүү аракети көрүлүүдө", — деди медик.

Ал 2018-жылдан бери 22 бейтап бөйрөгүн алмаштырганын айтып, операцияны кыргыз дарыгерлери жасаганын кошумчалады.

sputnik