Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга канча акча кетери айтылды

22 февраля 2022 Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга канча акча кетери айтылды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө бөйрөк алмаштырууга болжол менен 7 100 доллар кетет. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемтиги бар бейтаптарды караган бөлүмдүн жетекчиси Мирбек Байзаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда гемодиализге болгон суроо-талап күч" аттуу брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул каражатты мамлекет төлөп бербейт, бейтап өз чөнтөгүнөн чыгарышы керек.

"Бизде мамлекет гемодиализге акча бөлөт, бирок трансплантацияга берилбейт. Андыктан бөйрөк алмаштыра турчу бейтап бул каражатты өз чөнтөгүнөн чыгарышы керек болуп калат. Бул сумма жалаң эле дарыга кетет. Операция акысыз, болгону операцияга чейинки, аны жасоодо колдонулчу препарат, андан кийинки дары-дармектин акысы эле 7 100 долларга чыгып кетүүдө. Арзандаса бул сумма азаят, көбөйсө өсөт. Маселен, үч жыл мурда дары-дармек арзан болуп бөйрөк алмаштырчу бейтап дарыга 5 000 доллардай сарптачу. Акыркы үч жылдан бери бул сумма 7 000 доллардан түшө элек. Бир жылда гемодиализге деле баш-аягы жылына 8 000 доллардай кетип калат. Бирок аны мамлекет төлөйт", — деди Байзаков.

Медик 2018-жылдан бери Кыргызстандын дарыгерлери бөйрөккө операцияны өздөрү жасаарын айтып, андан бери 22 кишинин бөйрөгү трансплантацияланганын кошумчалады. Байзаков учурдан пайдаланып медиктер бейтаптардын анализдерин аныктоочу лабораторияга муктаж экенин белгилеп, эгер ал ишке ашса операция жасоого жеңилдик түзүлөрүн кошумчалады.

sputnik