Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат

22 февраля 2022 Мартта кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алат

Март айында кыргызстандыктар кошумча эки күн эс алары 2022-жылдын календарында көрсөтүлгөн.

Календарь боюнча, 8-март  — Аялдардын эл аралык күнү шейшембиге туш келет. Ал эми Нооруз майрамы (21-март) дүйшөмбүгө туура келип, бул күнү да кыргызстандыктар эс алат. Ошол эле учурда 26-март, ишемби, иш күн. Себеби 26-марттын эсебинен 6-январь эс алуу күнү деп жарыяланган. Жалпысынан марттын тогуз күнү дем алыш болуп эсептелип калат.

sputnik