«Орто жолдо атың өлбөсүн, орто жашта жарың өлбөсүн» деп бекер айтылбаган. Жалгыздык менен күрөшүү эч кимге оңой эмес. Бирок, бул тагдыр. Эгер башыңа түшсө качып кутула албайсың. Жаш кезинде жесир калган Зарина чоң чечим кабыл алуу алдында турганын айтып берди.
«27 жашымда сүйгөн жигитиме турмушка чыктым. Чоң энем жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезде “Кыздын эрте турмушка чыкканы жакшы. Жакшы жигитке жолуксаң, жүз бурба!” деп көп айта турган. Бирок, турмушка чыгуу кыздардын колундагы иш эмес. Окууну аяктагандан кийин жумушка орношуп, дагы бир нече жыл жүрүп калдым. Эки сиңдим турмушка чыгып, балалуу болушту. Аларды көргөн сайын өзүмдү жалгыз калгандай сезип жүрдүм.
Бирок, көздүү мончок жерде калбайт экен. Бир күнү мага жаккан жигит менен тааныштым. Канат абдан маданияттуу, келишимдүү, акылдуу жигит эле. Биз дароо тил табышып, дос болуп кеттик. Менден 5 жаш улуу. Көрсө, ал көңүлүндөгү кызга жолукпай, үйлөнө элек экен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал мага үйлөнүү сунушун киргизди. Мен макул болуп, экөөбүз баш коштук.
Ал үйдүн жалгыз уулу болгондуктан, кайын-журтум мени өз кызындай кабыл алышты. Жакшы жашап жүрдүк. Жолдошум райондо дарыгер, мен мектепте мугалиммин. Эл бизге суктанып карашчу. «Бири-бириңерди издеп жүрүп, убактыңарды бекерге коротупсуңар, аз эки-үч балалуу болуп калмаксыңар» деп теңтуштарыбыз тамашалап күлүп калышчу.
Чынында эки жылга жакын боюма бүтпөй кыйналдым. Жашым болсо келип калган. Жыл өткөн сайын балалуу болуу мүмкүнчүлүгү төмөндөй берет экен. Кудайдан жардам сурап, тиленип жатып боюма бүттү. Күйөөм кубанычка балкыды. Ал менин айтканымдын баарын аткарып, мен каалаган нерсемни алып келип, алаканына салып көкөлөттү.
Анын эрте каза болгонуна өзүмдү көп жемелейм. Ал көз жумар күнү кулпунай жегим келди. Чалсам жумуштан кайтып, айылга жакындап калган экен. «Болуптур, келе бер, Кулпунай ала кел деп айтайын дегем. Мейли эми, убара болбо» дедим. Баласы үчүн жанын берүүгө даяр болгон жолдошум машинасын буруп, районду көздөй жөнөптүр. Ал жолдо кырсыкка учурап, каза болот.
Жолдошумдун кокустан каза болушу менин да, ата-энебизди да эңгиретип таштады. Ал кайгы жүрөктө таш болуп катып калды. Жалгыз баласын жоготкон ата-энебиз күйүттөн чөгүп, карып кетишти. Алардын бир эле тилеги менин аман-эсен көз жарып алышым эле.
Үч айдан кийин уул төрөдүм. Ошондон кийин гана ата-энебиз кайра жылмайып, тамактанып, эл менен аралаша башташты. Балам аларга кайрадан үмүт бергендей болду. "Белегим, балам" деп экөө уулумдун жанынан карыш жылышпайт...
Жакында Канаттын жылдык ашын өткөрдүк. Туугандардын ортосунда чоң сүйлөшүү болду. Күйүттөн эми өзүнө келе баштаган ата-энебиз менин ата-энеме: “Мындай болот деп ким ойлоптур? Тагдырга айла жок экен?! Бирок, анын баласы төрөлүп, жоготконубуз табылгандай болуп отурабыз. Айланайын куда-кудагый, биз силерди жакшы түшүнүп турабыз, кызыңар али жаш. Турмушта шерик таап, бактылуу болууга дагы деле мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, биз жолун байлабайбыз деп чечтик. Бирок, бир өтүнүчүбүз бар, Канатыбыздын туягын биздин колго калтырып кетсинчи, жалгыз кубанычыбыз, жубатарыбыз – неберебиз, бизди ошол бакыттан ажырата көрбөгүлө” дешип ыйлап жүберишти.
Бул сөздү ата-энебизден угуу оңой болгон жок. Канатымды эстеп, боздоп эле отуруп калдым.
...Азыр бир нерсе айтууга эрте. Бирок, ата-энебиз менен түбөлүк жашай албашым да белгилүү. Жаратылыштын мыйзамы экен, жарыңдын кучагын эңсейт экенсиң. "Качанга чейин жалгыз жүрөм, ата-энем өмүрдүн өтсө, сороюп жалгыз каламбы?" деп көп ойлоном. Бирок, баламды өзүм чоңойткум келет, ата-энеме таштагым келбейт. Аларды да жалгыз кубанычынан ажыраткым келбейт.
Кыскасы, өзүмдү эки оттун ортосунда жүргөндөй сезем. Бул абалга ата-энем эч нерсе дей алышпай отурушат, “бул сенин жашооң, өзүң чеч” деп, тим болушат. Эмне кылсам болот, чынын айтсам, ойлонуп, ойдон чарчадым” дейт Зарина.
Мындайда эмне деп кеңеш берүүгө болот?..