Кытайда байпагын жыттай берген киши ооруп калды

19 декабря 2018 Кытайда байпагын жыттай берген киши ооруп калды

Киши дарыгерлерге жөтөлүп жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып кайрылган.

Кытайдын жашоочусу эски байпактарын жыттай берген адатынан улам өпкөсүн оорутуп алды. Бул туурасында Metro басылмасы жазган. 

Киши дарыгерлерге жөтөлүп жана көкүрөгү ооруп жатканын айтып кайрылган. Жазып берген дарыларды ичкени менен пайда бербей, абалы начарлай берген. Адистер бир айдан кийин ооруканага жаткырып, тыкыр изилдей башташкан. Кишини рентгенге тарткандан кийин анын өпкөсүндө жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу инфекция бар экени аныкталган.

Оорулуу дарыгерлерге жумуштан келгенден кийин эски байпактарын күн сайын жыттаарын айтып берген. Мындан соң гана медиктер аталган инфекциянын анын өпкөсүнө кандай жол менен кирип, өөрчүй баштагандыгын билген. Бул микроорганизм өпкөгө киргенден кийин жанданып, жөтөлдү пайда кылып, жан кыйнап оорута баштаган.

Басылма, оорулуу акырындап сакайып бара жаткандыгын жазган.



Дагы: sputnik.kg, © Sputnik / Кирилл Каллиников