200 киши кол койду. Оң рулдуу унааларды киргизүүнү колдогондор чогулду. Видео

21 февраля 2022 200 киши кол койду. Оң рулдуу унааларды киргизүүнү колдогондор чогулду. Видео

Бишкекте оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанда каттоого коюлган чектөөнү алып салууну жактаган жарандардын жолугушуусу өттү.

Аталган жыйындан тартылган видеону блогер Эртай Искаков жарыялады.

ВИДЕО

"Япониядан Кыргызстанга оң рулдуу жаңы автоунааларды алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү идеясын колдогондордун алгачкы жолугушуусу болду. Бизди колдоп 300 адам келди, 200 киши мыйзам долбоорун колдой турганын айтып кол койду", — деди блогер.

Искаков чогулгандар мыйзам долбоорун талкуулап, сунуштарын бергенин билдирди. Алар мындан кийин да жолугуп турууну макулдашкан.

Белгилей кетсек, бир катар жарандардын өтүнүчү менен оң рулдуу автоунааларды ташып кирүүгө коюлган чекти алып салуу боюнча депутаттар тобу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов мындай темир тулпарлардан улам жол кырсыгы болуп жаткандыгын жүйө келтирип, бул демилгеге макул эместигин билдирген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да бул сунушка каршы экендигин айтты.

Ошол эле учурда парламенттин сайтында эгерде кабыл алынып калса, оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө мүмкүнчүлүк жарала турган мыйзам долбоору жарыяланды. Бирок анда бир шарт каралган.

sputnik