Кыргыз балбандары Болгарияда 3-орунду ээледи. Байге алгандардын тизмеси

21 февраля 2022 Кыргыз балбандары Болгарияда 3-орунду ээледи. Байге алгандардын тизмеси

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Болгарияда өткөн Dan Kolov — Nikola Petrov эл аралык турниринде жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду камсыздады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы маалымдады.

Аталган мелдеште биринчи орунду Грузия, экинчини Болгария командалары ээлеген. Жалпы жонунан 16 өлкөнүн спортчулары катышты. Кыргыз балбандары мында бир алтын жана алты коло медаль менен кайтышты. Эң жогорку байгени 55 килограмм салмак категориясында күрөшкөн Балбай Дордоков багындырды.

Коло байге уткандардын тизмеси:

Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;

Тынар Шаршенбеков — 63 кг;

Марлен Асикеев — 67 кг;

Элдияр Сатаров — 67 кг;

Акжол Махмудов — 77 кг;

Үзүр Жусупбеков — 97 кг.

sputnik