Казармандын жолунда көчкү алдында калган төрт кишини 53 куткаруучу издөөдө

21 февраля 2022 Казармандын жолунда көчкү алдында калган төрт кишини 53 куткаруучу издөөдө

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Казарман — Жалал-Абад тилкесинде кар көчкү алдында калды деген төрт адамды издөө иштерине 53 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, жолдо иштегендер 14-февралдан бери дайынсыз. Алар Балыкчы — Казарман жолунун 334-чакырымында Көк-Арт участогунда бир жүктөгүч, экскаватор, "Нива" менен тоннелден Казарманды карай жолду тазалап жаткан учурда көчкү жүргөн. Унаалардын ичинде айдоочулар гана болгону айтылган.

"Изделип жаткандар 24 жаштагы К.А., 44 жаштагы С.С., 43 жаштагы Х.Я. жана 35 жаштагы Л.Д. аттуу Кытайдын China Road ишканасынын жумушчулары", — деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерин азыркы тапта өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эдилбек Кулматов көзөмөлгө алып, ӨКМден жалпы 53 киши тартылганы белгилүү болду. Жолдун 331-333-чакырымында кар көчкү тазаланып, издөө иштери уланары кошумчаланды.

sputnik