Жөжөнү күздө санайбыз! Акжол Махмудов 3-орунду алып, беттеш тууралуу үн катты

21 февраля 2022 Жөжөнү күздө санайбыз! Акжол Махмудов 3-орунду алып, беттеш тууралуу үн катты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээледи.

Махмудов чейрек финалда болгариялык Айк Мнацаканянга 4:2 эсеби менен утулуп калган. Андан соң Кыргызстандын Күрөш федерациясы Instagram баракчасы аркылуу Бириккен күрөш уюмуна даттанган. Каршылаштын агрессивдүү жана жосунсуз аракеттерине, ошондой эле калыстар комиссиясынын чечимине көңүл бурууну сураган.

Кыргызстандык балбан кийин үчүнчү орун үчүн венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, 4:2 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш бүткөндөн кийин Махмудов Instagram баракчасына пост жазып, алдыда дагы көп беттештер бар экенин белгиледи.

"Жөжөнү күзүндө санайбыз. Баары жакшы болот, баары алдыда. Биз өзүбүздүн жумушту талыкпастан уланта берели. Колдооңуздарга чоң рахмат!" — деп жазган балбан.

Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык турнири Болгариянын Велико-Тырново шаарында 17-20-февраль күндөрү өттү.

sputnik