Карыз албачы деги... Жадыбалдай жаттап алчу 5 адат

21 февраля 2022 Карыз албачы деги... Жадыбалдай жаттап алчу 5 адат

Жылдын экинчи айы соңуна чыгып баратат, бирок каржы багытындагы жаман адаттардан арылууга эркиңиз жеттиби? Акча тартыштыгынын азабын тартпаш үчүн жеке каржы жаатында кандай тыянак чыгарып, кайсы чечимдерге келүү керек?

Адамдар улам алдына ар кыл максаттарды коет. Алардын бири — акча көйгөйүн жеңүү же аны азайтуучу адаттарды акырындап өздөштүрүү экени шексиз.

Киреше жана чыгашалардын эсебин жүргүзүү

Дал ушул адат акчаны эмнеге жумшап жатканыңызды билип, чыгымдарыңызды тактоого мүмкүндүк берет.

Жеке мисалымда, бир айлык байкоом тапканымдын үчтөн бири болбогон эле бир нерселерге жумшаларын көрсөттү. Так кесе токтотконумда "күтүүсүз жерден" акча резерви түптөлө калды.

Мында "бухгалтерия" жана "эсеп" деген түшүнүктөрдөн чочулабаңыз. Жайнаган тиркемелер арасынан ылайыктуусун тандап көчүрүп алыңыз. Күнүмдүк чыгымдарды тизмелеп турууну адатка айлантыңыз, буга кеткен убакыт беш мүнөттөн ашпай турганын бөркүңүздөй көрүңүз.

Акча топтоого киришүү

Коопсуздуктун каржылык жаздыкчасы — бул кыйын кезеңди жеңил жеңүүнүн кепилдиги. Адамдын башына нелер гана келбейт: жумуштан айдалып, айлыгы азайып, оор илдетке кабылып, кээде ойдо жок жерден турак жайы же автосунун ремонту чыгат. Кирешенин 10-20 пайызын сактап коюу абзел.

Ойлонбой сатып алмай адаты

Пландалбаган кенедей бир оокат сатып алуу да бюджетиңизди четинен кертип отурат. Ал эми андай адатты калтырбай, ойлонбой сатып алууга кынык алсаңыз, анда карызга батасыз.

Анчейин зарылдыгы жок кайсы бир оокатты алууну самап турсаңыз да эксперттер бир сутка чыдап турууга кеңеш берет. Эртеси балким андан айнып калышыңыз ажеп эмес. Керексиз чыгашаларга да жол бербейсиз.

Карыз алмай адатынан арылыңыз

Жакшы акча таап деле карыздан башы чыкпагандар четтен чыгат. Мында кеп айлыктын аздыгында эмес, каржылык сабаттуулуктун начардыгында. Маселен, сегиз жыл мурун досумдан эки эсе көп таап, бирок ай соңунда дал ошол жолдош баламдан бир-эки миң карызга сурап калчумун. Ошол себептен каржы маселесинде тартипти катуу кармоо сизге чоң жардам берет. Антпесе карызга ала берип, бересеңиз күндөн-күнгө арбыйт.

Насыяны зарылганда гана алуу

Насыя карыздан да кооптуу, анткени анын пайыздарын да төлөөгө туура келет. Ал эми аны банкка төгүүдөгү алешемдиктер насыялык таржымалыңызды солгундатат.

Насыя алуудан башка аргаңыз калбаган учурда жана келечегинде керекке жарачу ишке гана банкка бул өтүнүч менен кайрылыңыз. Тегин жерден зарылдыгы деле жок оокатка азгырылып, ашыкча чыгымга кабылбаңыз.

Каржы планын түзүү жана ага күтүлбөгөн чыгымдарды кошуу

Ар бир тыйындын эсебин билип, бардык чыгымдарды камтып, чыгашаңыз да кирешеңизге жараша, карыз алмай жок... Бирок бюджетиңизге күтүлбөгөн чыгымдар жазылбаса, ай ичиндеги биринчи тойдон соң эле кыйналып каласыз. Мындай чыгымдарга анык бир сумма табуу үчүн чыгымдарыңызды азайтууга аракет кылыңыз.

Ишенчээк болбой, дайым этияттаңыз

Алдамчылар да арбын коомубузда. Алардын кызыктырганы — кыска убакыт аралыгында өтө жогорку киреше. Шарттуу түрдө айына 100 пайызды да сунуштагандан кайра тартышпайт.

Мындай сунуштар түшсө, дароо баш тартыңыз. Бул нерсе дайым күдүк жаратып, аягы жаман бүтөт. Келерки Жаңы жылды тосууга камылганы азыртан көрө баштаңыз. Эгер жылды тосуп алгандан бери акча маселеси улам жарала берсе, демек, көйгөйдү түп-тамырынан чечүү керек.

sputnik