Терапевт жөтөлдү дарылоодогу коркунучтуу каталарды атады

21 февраля 2022 Терапевт жөтөлдү дарылоодогу коркунучтуу каталарды атады

Жөтөлдү өз алдынча дарылоодо дары-дармекти туура эмес колдонуунун кесепети коркунучтуу болушу ыктымал. Бул тууралуу терапевт Александра Кожевникованын айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер белгилегендей, өз алдынча дарылануудагы эң биринчи ката — бул антибиотикти туура эмес тандап алуу.

"Жөтөлдү дарылоодо айрымдар антибиотиктерди өздөрү билгендей колдоно берет. Туура эмес тандалган дары таасир бермек тургай, тескерисинче, зыян болушу толук ыктымал", — деди Кожевникова.

Анын айтымында, бактерияга каршы дарылардын атайын көрсөтмөсү, туура дозасы, дарылоо мөөнөтү жана каршы көрсөтмөсү болот.

"Медициналык билими жок адам дарыда жазылган инструкцияга көңүл бурбайт. Алар эл көп айткан препаратты колдоно берет. Мындай учурда антибиотик таасир бербей эле зыянын тийгизет", — деген медик.

Экинчи ката — бул какырык чыгаруучу дары-дармекти башаламан колдоно берүү.

"Айрымдар жөтөлсө эле какырык чыгара турган препаратты ойлонбой иче берет. Жөтөл бир гана дем алуу органдарындагы инфекцияны коштобойт. Ал башка патологиянын деле белгиси болушу ыктымал. Ошол себептен какырык чыгара турган дарыларды да ооруну аныктаган соң, дарыгердин көрсөтмөсү менен ичиш керек", — деген Кожевникова.

Терапевт өз алдынча дарылануудан мурда оболу дарттын келип чыгуу себебин аныктап алуу зарылдыгына токтолгон.

sputnik