Эл каттоо учурунда кандай суроолор берилет? Статкомдун жообу

21 февраля 2022 Эл каттоо учурунда кандай суроолор берилет? Статкомдун жообу

Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо жараянында кандай суроолор бериле турганын маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт, анын төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кеткен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Ал тизмектин ичинден 40тан ашык суроо бар.

Суроолор тизмеги: үй-бүлөдө канча адам жашайт, кандай шартта жашашат, үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган, жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы, белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, каржы булактары, эне тили, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй алары, учурда иштейби же жумуш издеп жатабы жана башкалар.

Бир адамдын бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жооп берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилери белгиленди.

Каттоонун жыйынтыгы мамлекеттин демографиялык жана социалдык саясатында, ошол эле кезекте өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык программаларды, эмгек ресурстарды пайдалануу, жумуш менен камсыздоо жана башка ушул сыяктуу багыттарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү. Башкача айтканда, каттоо коомдун учурдагы абалын, экономикасын, социалдык тармагын чагылдырып берет.

Эске салсак, Кыргызстан калкын турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт.

sputnik