Сомнолог уйкусуздуктун негизги себептерин санап берди

21 февраля 2022 Сомнолог уйкусуздуктун негизги себептерин санап берди

Уйкусуздуктун негизги себептерин дарыгер-сомнолог, медицина илимдеринин кандидаты София Черкасовага таянуу менен "Известия" жазды.

Түндө уйку бербеген негизги факторлор: стресс, кыймылдын өтө аздыгы, кофени ашыкча ичүү жана гаджеттерди көп колдонуу.

"Уйкусуздуктун келип чыгышын бир нече топко бөлүүгө болот: бул жашоо образы, организмге жана денеге байланыштуу себептер, психопатология. Денеге байланыштуу факторлорго калкан безинин жана борбордук нерв системасынын оорулары, темирдин жетишсиздиги, кээ бир дары-дармектердин таасири кирет", — деген дарыгер.

Адис айрым учурда кайсы бир оорулардан арылгандан кийин да уйкусуздук боло берерин, бул организм уктабаганга көнө түшкөнү менен байланыштуу экенин кошумчалаган.

sputnik