Прокуратура: маркумдун телефонун алып алган тергөөчүгө иш козголду

19 декабря 2018 Прокуратура: маркумдун телефонун алып алган тергөөчүгө иш козголду

 

Кылмыш иши мындан аркы тергөө үчүн УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлдү.

Ысык-Ата райондук милициясынын тергөөчүсүнө Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгондугу тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда тергөөчү 123 (Адамды уурдоо) жана 97-беренелердин (Адам өлтүрүү) негизинде козголгон кылмыш ишин иликтеп жатып, алгач уурдалып, кийин өлтүрүлгөн адамдын бир тууганынан маркумдун уюлдук телефонун алган.

"Бирок ал телефонду мыйзам чегинде алып, далил материал катары ишке тиркеме катары пайдаланган эмес. Кийин ИИМдин тергөө кызматынын башкы төргөөчүсү болуп барганда дагы телефонду маркумдун жакындарына кайтарып бербей, жеке максатта пайдаланып жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Качан гана маркумдун жакындары Ысык-Ата райондук прокуратурага арыз менен кайрылганда гана телефон кайтарылган.

Иш мындан аркы тергөө үчүн УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлдү.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков