Чоң атасы менен небереси эскалатордо тең салмактуулукту сактай албай, төртүнчү кабаттан кулап кетишти. Видео

21 февраля 2022 Чоң атасы менен небереси эскалатордо тең салмактуулукту сактай албай, төртүнчү кабаттан кулап кетишти. Видео

Өзбекстандын Навои шаарындагы соода борборлорунун биринде чоң атасы менен небереси эскалатордон кулап кетишкен. Бешинчи жана төртүнчү кабаттардын ортосунда чоң атасы тең салмактуулукту жоготот. Натыйжада эркек киши окуя болгон жерден каза болуп, небереси балдар ооруканасына жеткирилген, деп жазат Repost.uz сайты.

Социалдык тармактарда видеобайкоо камерасына тартылган видео тарап кеткен.

Видео

Каргаша 18-февраль күнү кечки саат 20:30дар чамасында болгон. Кармана районунун 53 жаштагы тургуну 3 жаштагы небереси менен Навои шаарындагы «Жаңа өмүр» соода борборуна барган.

Окуя боюнча Навои РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталды.