Эже-сиңдилер кийим брендин ойлоп табышып, бир күндө 10 миң доллар киреше табышты

21 февраля 2022 Эже-сиңдилер кийим брендин ойлоп табышып, бир күндө 10 миң доллар киреше табышты

Австралиялык эже-сиңдилер Рейчел жана Кэти Вайл өздөрүнүн кийим брендин ачып, 24 сааттын ичинде байып кетишти. Алардын окуясын Daily Mail жазып чыккан.

Рэйчел менен Кэти Вейл 2021-жылдын август айында кийим тигип, сатууну чечишкен. Алардын биринчи коллекциясында худи жана түстүү спорттук костюмдар болгон. Жыйынтыгында кыздар кыска убакыттын ичинде кийимдерди толугу менен сатып, бир күндө 10 миң доллар (болжол менен 850 000 миң сом) табышкан.

Ишкер кыздар кыска убакытта мындай ийгиликти күтүшкөн эмес. Көп өтпөй Париждеги мода жумалыгынын уюштуруучулары кыздар менен байланышып, Францияга чакырышкан. Кыздардын көргөзмөсү 28-февралда La Galerie Bourbon имаратында өтөт.