Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, бирок бир иш күн кошулат

18 февраля 2022 Кыргызстандыктар 23-февралда эс алып, бирок бир иш күн кошулат

23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүндө кыргызстандыктар эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Анткен менен ишемби, 26-февраль, иш күнү болот. Себеби бул күндүн эсебинен 5-январь дем алыш катары жарыяланган.

Буга чейин министрлер кабинети майрам күндөрдүн көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөрүн кайра карап чыгууну сунуштаган.

sputnik