Түркия Кыргызстанга аскердик автоунааларды берди. Сүрөт

18 февраля 2022 Түркия Кыргызстанга аскердик автоунааларды берди. Сүрөт

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Түркиядан аскердик-техника алды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Түркиянын Коргоо ведомствосу аскердик автоунааларды, атайын шаймандарды жана башка жабдыктарды берген.

Коргоо министринин орун басары Таалайбек Усубалиев аскердик-техниканы тапшыруу аземинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга мындай колдоо жана кыргыз аскерлеринин Түркиянын аскердик-машыгуу жайларындагы даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле кыргыз тарап мындан ары дагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

sputnik