Бишкекте №138 маршрутка жол чийинден окуучу кызды кагып кетти. Видео

18 февраля 2022 Бишкекте №138 маршрутка жол чийинден окуучу кызды кагып кетти. Видео

Бишкекте маршрутка айдоочусу окуучу кызды жөө кишилер өтчү чийинден сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.

Жол кырсыгы болгон учур камерага түшүп калган.

ВИДЕО

"17-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында №138 маршруттун айдоочусу Ден Сяопин жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы окуучуну кагып кетти. Жабырлануучу №3 шаардык ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда автоунаа айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын себептери такталууда.

sputnik