"Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар. "Улан" тасмасындагы таберик сүрөт

19 декабря 2018 "Кыргыз кереметин" жараткан залкарлар. "Улан" тасмасындагы таберик сүрөт

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Кыргыз киносунун өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон инсандардын сүрөтү 1977-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Биринчи катарда оңдон солду көздөй турган "Улан" тасмасынын директору Валерий Скрыльников, экинчи режиссер Константин Орозалиев, сүрөтчү-коючу Совет Агоян, оператор Кадыржан Кыдыралиев, Кыргыз ССРинин Кинематография мамлекеттик комитетинин төрагасы Марклен Баялинов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, актриса Гүлсара Ажыбекова, режиссер Төлөмүш Океев турат. Ал эки экинчи катарда оңдон солду карай отурган драматург Эркин Борбиев, актер Советбек Жумадылов жана Сүймөнкул Чокморов.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын тартып, бир топ белгилүү инсандардын башын бириктирген.

Ошол учурда фотограф Александр Федоров мындай эскерет.

"Мен "Улан" тасмасына башынан аягына чейин катышып калдым. Сүрөттөгү учур Бишкек шаарындагы атайын ижарага алынган бардын ичинде камерага түшүрүлгөн. Спирттик ичимдиктер пайдаланылган атайын бир эпизод тартылган. Анда Чокморов аракты аябай катуу ичкен жери болчу. Төлөмүш Океев жазуучу Чыңгыз Айтматовду мейманга чакырат. Ал киши жалгыз келбей дагы бирөөнү ээрчите келет. Андан соң режиссердун достору келип эл толуп калган. Мен аларды ошондо сүрөткө тартып калгам. Соңунда алар атайын кинону тартуу үчүн жайылган досторконго отурган эле. Негизи тасмада көптөгөн кызыктуу окуялар болгон. Мисалы, Сүймөнкулдун сентябрь айында сууга түшкөн эпизоду тартылыш керек болуп калды. Дублерго кайра-кайра арак куюп берип, сууга түшүрүп жатып керектүү кадрды тартканбыз. Күн бир топ эле сууктап кеткен, оорубасын дегенбиз", — деди Федоров.

Аракечтикти чагылдырган тасмада Сүймөнкул Чокморов, Вацлав Дворжецский, Асанкул Куттубаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Жапар Садыков, Наталья Аринбасарова, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажыбекова, Леонтий Полохов, Мария Курманалиевалар образ жараткан.

1978-жылы союздук Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрлук иши, ал эми Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинациялар боюнча жеңишке жетишкен.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Александр Федоров